Мамлекеттик органдардын статс-катчылары жана персоналды башкаруу кызматтардын кызматчылары Түштүк Кореянын мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча тажрыйбалары менен таанышышты

Бүгүн, 2018-жылдын 6-июлунда, Мамлекеттик кадр кызматынына караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Кызматтарды көрсөтүүнүн сапаты» темасында семинар өттү. Семинардын лектору «Кореянын эл аралык достору» программасынын эксперти Мёнки Ким мырза болду.

Эксперттин айтымында, Кореянын экономиканын ар кайсы тармактары дуйнодо алдыңкы саптарда турганы Өкмөттүн талыкпас ишине жана тейлөөнүн сапатына билгичтик мамилесине байланыштуу.

Презентациянын жүрүшүндө 50 мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматчылары суроолоруна жооп жана сунуш ала алышты.

Семинарга Мамлекеттик кадр кызматынын директордун орун басары Калыбек Алышбаев катышты. МККнын башчысынын орун басары экспертке кызыктуу презентациясы  үчүн ыраазычылык билдирди жана  мамлекеттик жарандык  жана муниципалдык кызматтарындагы адам ресурстарын башкарууну өнүктүрүү маселелерин чечүүдо биргелешкен кызматташуу боюнча үмүтүн билдирди.