Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында Санкт-Петербургдун Администрациясы жана Санкт-Петербургдагы региондор аралык ресурстук борбору менен видеоконференция өткөрүлдү

Бүгүн, 2018-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында Санкт-Петербургдун Администрациясы жана Санкт-Петербургдагы региондор аралык ресурстук борбору менен видеоконференция өткөрүлдү.

Иш-чараны МККнын статс-катчысы Бакытбек Сагынбаев ачты. Санкт-Петербургдагы кесиптештери менен жылуу саламдашып, Санкт-Петербургдагы региондор аралык ресурстук борборунун тажрыйбасынын негизинде «Инфоком» мамлекеттик ишкана менен биргелешип Кыргыз Республикасынын кызматчылары үчүн дистанциялык окутуу системасы иштелип жатканын белгиледи (www.do.gov.kg).

Санкт-Петербург тарабынан баяндамачы катары Санкт-Петербургдагы региондор аралык ресурстук борборунун («Санкт-Петербургдун Администрациясынын Корпорация университетинин») директору Тимур Дьячков сөз сүйлөдү. Кыргыз тарабынан Адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасы бөлүмүнүн башчысы Индира Шаршенова электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү акыркы жаңылыктар менен бөлүштү.

Катышуучулар скайп-конференциянын жүрүшүндө пайда болгон суроолорго толук жооп алышты.

Конференциянын жыйынтыктары боюнча, тараптар мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кызматташтыктын мындан ары өнүгүүсүнө ишенгенин билдиришти.

 

Маалымдоо:

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык жөнүндө макулдашууну жүзөгө ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Санкт-Петербургдун Губернаторунун Администрациясынын Мамлекеттик кызмат жана кадр саясаты комитетинин ортосунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматты уюштуруу жана өтөө маселелери боюнча маалымат жана тажрыйба алмашуу туруктуу түрдө өткөрүлүп турат.