Талас, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы тестирлөө пункттарында мониторинг жана профилактикалык түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн тестирлөө пунктарында кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупцияны азайтуу максатында, коррупцияга каршы туруу боюнча ведомстволук иш-чаралар Планынын алкагында жана МККнын директору А.К. Мадумаровдун тапшырмасы боюнча МККда коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу А.А. Курманалиев 2018-жылдын 18-июлунан 20-июлуна чейин Талас, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы тестирлөө пункттарында мониторинг жана аталган шаарларындагы тестирлөө пункттарынын кызматкерлери менен коррупцияга каршы туруу тармагындагы мыйзамдарды, мамлекеттик кызматчылардын Этика кодексин жана компьютердик тестирлөө өткөрүү эрежелерин сактоо боюнча профилактикалык түшүндүрмө иштерин жүргүздү.