Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды мамлекеттик кызматка орноштуруу маселеси талкууланды

Бүгүн, 2018-жылдын 31-июлунда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды мамлекеттик кызматка орноштуруу туурасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин делегациясы менен жолугушуу өттү.

МККнын директору Акрам Мадумаров «Лигал просперити» коомдук фонду жана Эл аралык Республикалык Институтунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү менен бирге уюштурулган «Жаш саясатчынын мектеби» долбооруна колдоо көрсөтүлгөндүгү үчүн жана спикер катары бул мектепке катышууга чакырылгандыгы үчүн ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисине ыраазычылыгын билдирди.

МККнын жетекчиси: «Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эмгектик укуктарын теске салган ченемдер жок» деп белгиледи.

Адам укуктары боюнча бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучу Кахрамон Сангинов мырза мыйзамдарды инвентаризациялоо жана бир катар иш-чараларды уюштуруу бөлүгүндө ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офиси тарабынан эксперттик колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Келечектеги өзгөртүүлөр ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды мамлекеттик кызматка тартууга негиз салуучу чаралар болуп эсептелиши мүмкүн. Өз кезегинде, МККнын директору Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча МККнын жолун жолдоочулугуна басым жасады.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча, тараптар мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эмгектик укуктарын камсыздоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын мындан ары өнүгүүсүнө ишенгенин билдиришти.

 

Маалымдоо:

 

«Жаш саясатчынын мектеби» жаш лидерлердин дараметин күчөтүүгө жана жаштарды чечимдерди кабыл алуу процесстерине активдүү тартууга багытталган.

2018-жылдын 1-январына карата ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын саны административдик мамлекеттик кызматтагы 15838 адамдын ичинен - 108 адамды (0,7%), муниципалдык кызматтагы 7976 адамдын ичинен - 131 адамды түзөт (1,7%).