JDS стипендиаттары Японияга кетүүгө даяр

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында 2018-жылдын 6-августунда JDS стипендиаттарынын 12-тобунун финалисттери үчүн багыттоо апта ачылды. Иш-чара Япониянын Эл аралык кызматташтык борбору (JICE) тарабынан уюштурулду.

Ачылышка катышкан МККнын башчысынын орун басары жана JDS JICA долбоорунун менеджери Сасаки Такэхиро мырза стипендиаттардын Японияда көнүп кетүүнүн маанилүүлүгүнө басым кылышты. Белгилей кетүүчү нерсе - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын стипендиаттар менен байланышкан үмүтү зор. Японияда алган билимдери жогору бааланып, мамлекеттик органдардын ишмердигин жакшыртуу үчүн пайда алып келет деген ишеничтебиз.

Багыттоо апта 2018-жылдын 9-августуна чейин уланат жана финалисттер JDS стипендиаттары үчүн эрежелер менен таанышышат. Ошондой эле, аларга жөлөкпулдар, жайгаштыруу, тыюу салуулар жана академиялык жазуунун эрежелери (плагиат) жөнүндө маалымат берилет.

 

Маалымдоо:

Августта 15 мамлекеттик жарандык кызматчы Япониянын алдыңкы университеттеринде магистр даражасын алуу үчүн Японияга жөнөйт.

Программанын негизги талабы - англис тилин билүү жана мамлекеттик кызматта эки жылдан кем эмес иш стажына ээ болуу.

Ар бир стипендиат окуу аяктагандан кийин Кыргыз Республикасына кайтып, мамлекеттик же муниципалдык кызмат системасында 3 жылдан аз эмес иштеп берүүгө милдеттүү.

JDS долбоору жүзөгө ашырылып баштагандан бери Кыргызстандын 176 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчысы Японияга жөнөтүлдү. Азыркы учурда стипендиаттардын 12-тобу түзүлдү.