Японияга бараткан магистранттарга каалоо тилек айтылды

КРнын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Кадрларды даярдоо үчүн стипендия берүү» (JDS) долбоорунун стипендияттары менен жолугушуу учурунда өкмөт кадрларды даярдоого жана ар бир жарандын жеке мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга өзгөчө көнүл буруп жатканын белгиледи.

«Биздин өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери Япониянын алдынкы университеттеринде билим алуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Биздин стипендиаттар мамлекетибиздин келечегине салым кошууга пайдаланылчу жаңы илим-билимге ээ болуп кайтат деген ишеничтемин», - деди ал. Вице-премьер ошондой эле адистерди даярдоо жаатындагы колдоо көрсөтүүсү үчүн Япония өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.  

Япониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамуро JDS долбоору билим жана тажрыйбага чоң көңүл бурарын белгиледи. «Ар бир мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги катары билим эсептелет. Сапаттуу билим алууга жана илим-билимин оркүндотүүго умтулган жарандар менен өлкөнүн келечегинин пайдубалын бекемдоого болот», - деди ал.