Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровдун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу

Урматтуу кесиптештер!

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул майрам улуттук биригүүнүн, ынтымактуулуктун, өлкөбүздүн азыркы абалы жана келечеги үчүн жоопкерчиликтин символу болуп саналат. Эгемендүүлүк күнү ар бирибиз үчүн Кыргыз Республикасынын жаңылануу, мамлекеттүүлүгүнүн бекемдеши боюнча үмүттөрүбүз менен байланышкан.

Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхы далилдегендей, мамлекеттүүлүк - натыйжалуу жана кесипкөй кызматтын негизинде гана курулушу мүмкүн. Республикабызда жыйырма жети жылдан бери мамлекеттүүлүк ийгиликтүү курулуп келе жатат. Биздин өлкөбүздүн көз карандысыздыгын бекемдетүүгө мамлекеттик кызматчылардын кошкон салымы зор. Буга сыймыктанууга толук негиз бар.

Көз карандысыздык - бул өз тагдырыбызды өз алдынча чечүүгө мүмкүнчүлүк берген негиз салуучу баалуулук. Көз карандысыздык - татыктуу жашоо укугубуз үчүн күрөшүүнү талап кылат. Биригип гана биз Кыргызстанды экономикалык өнүккөн, саясий туруктуу, социалдык бейкут өлкөгө айландыра алабыз.

Урматтуу кесиптештер! Ушул белгилүү күнү Сизге чың ден соолук, аман-эсендик, баардык пландарыңыздын ийгиликтүү аткарылышын жана жаңы жеңиштерди каалайм!

Сиздердин аракеттериңиз мындан ары да Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө, демократияны жана укуктун үстөмдүгүн камсыздоого, өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жана кыргыз элинин бейкут жашоосуна багыт алат деп ишенем.

Эгемендүүлүк күнүңүз менен!

              Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик кадр

кызматынын директору                                                                                                      А.К. Мадумаров