130 мамлекеттик кызматкер сыйланды

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 27-жылдыгына карата 44 мамлекетик кызматкер “Мамлекеттик кызматтын мыктысы” төш белгиси жана 33 мунипицалдык кызматкер “Муниципалык кызматтын мыктысы” төш белгиси менен сыйланды. Ошондой эле 57  айырмаланган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Мамлекеттик Кадр кызматынын ардак грамотасына ээ болду.

Өзүнүн куттуктоо кайрылуусунда Мамлекеттик Кадр кызматынын башчысы Акрам Мадумаров мамлекеттик кызматкерлердин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн чыңдалышына кошкон салымын баса белгилеп кетти.  “Ийгиликтүү  өлкө эффективдүү жана кесипкөй мамлекеттик кызматтын негизинде гана өнүгөөрүн эркин Кыргызстандын тарыхы далилдеди. Республиканын  27 жылдык өнүгүүсү  жөн жерден келген жок. Азыр мамлекеттик кызматкерлердин өлкөнүн эркиндигинин бекемделиши үчүн кошкон  арбын салымына сыймыктансак болот” ддит МКК башчысы кайрылуусунда.