JDS долбоору кадрларды даярдоо программасынын негизинде Японияда болгон 2019-2020 окуу жылдарына талапкерлердин кабыл алуусун жарыялайт. Бул программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине Япониянын университеттеринен магистр даражасын алууга мүмкүнчүлүк берет.
Талапкерлерге карата болгон талаптар:
Жарандык: Кыргыз Республикасы
Жаш курагы: 2019-жылдын 1-апрелине карата 40 жаштан жогору болбошу керек (б.а., 1978-жылдын 1-апрелине чейин туулгандар)
Кызматтын түрү: JDS долбоорун максаттуу уюмдарынын тизмесине кирген малекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарындагы мамлекеттик же муниципалдык кызмат (саясий мамлекеттик/муниципалдык кызмат (кеңешчилер, консультанттар, жардамчылар) кызмат орундары ээлеген адамдарды кошпогондо).
Мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иштөө мөөнөтү: 2 жылдан кем эмес (туруктуу штаттагы кызматкер статусу менен толук иштөөнүн негизинде) 2019-жылдын 1-апрелине карата.
Билим деңгээли: жогорку (адистин дипломунун же бакалавр даражасынын болушу).
Англис тилин билүүсү: магистратурада окуу үчүн жетишерлик деңгээли.
Долбоорго катышуу үчүн төмөндөгүлөр зарыл:
Кошумча маалымат алуу үчүн кайрылыңыздар.
Кыргыз Республикасындагы JDS Долбоорунун кеңсесинин дареги:
Дүйшөмбү-Жума 9.00-12.30, 14.00-17.30
Дареги: Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек ш.,
Эркиндик бульвары, 64 Б, 1чи кабат, кеңсе № 25
(“ОлолохаусЭркиндик” имаратында)
Тел.: 0312 986546
0555818618 (Бегимай) /0550 026333 (Аида)
Факс: 0312 986546
Эл. Почта дареги: jds.kyrgyz@jice.org / jds.kyrgyz1@jice.org
Веб-сайт: http://jds-scholarship.org