JDS долбоору боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн Ош шаарында семинар өттү

2018-жылдын 14-сентябрь күнү Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында Япониянын Кыргызстандагы JICA офисинин адистери жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын  Түштүк аймактык өкүлчүлүгү, JDS долбоору аркылуу Японияда болгон 2019-2020 окуу  жылдарына талапкерлердин кабыл алуусу үчүн программанын алкагында көбүрөөк өлкөбүздүн региондорунан кызматчыларга мүмкүндүк берүү максатында, кызыкдар кызматкерлерге долбоор тууралуу кенен түшүнүк берүү үчүн жолугушуу семинарын өткөрдү.

Семинарга жалпысынан 45 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар катышып, JDS долбоору тууралуу маалымат жана талапкерлерге карата болгон талаптар, ошондой эле Япониядагы студенттер үчүн каралган баардык шарттары тууралуу кенен түшүнүк алуу менен өздөрүнүн суроолоруна адистерден түз жоопторду алышты. Жыйынтыгында JDS долбооруна талаптарга туура келген көпчүлүк семинардын катышуучулары иш-кагаздарын тапшыра турганын билдиришти.