Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Мюнхендеги семинарга катышты

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров “Муниципалитеттерди  өнүктүрүү тармагында бавариялык-кыргызстандык тажрыйба алмашуу” тема боюнча маалыматтык семинарга катышты. Семинар Ханнс Зайдель фондунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган.

Семинардын программасы төмөнкү темаларды камтыган: мамлекеттик жана мунипицалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу, Ханнс Зайдель фондунун башкы офисине, Бавариянын Айыл чарба министрлигине жана Бавариянын Мамлекеттик кызматы боюнча агенттигине баруу.

Иш сапардын алкагында Акрам Мадумаров  Бавариянын Мамлекеттик кадр комитетинин башкы катчысы – доктор Штефан Питцке, Ханнс Зайдель фондунун Эл аралык кызматташтык институтунун директору – доктор Сюзанна Лютер, Аугсберг райондук администрациясынын башчысы – Мартин Зайлерлер менен жолугушту. Өз кезегинде Мамлекеттик кадр кызматынын директору Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүштү.

Кыргыз Республикасынын Мамлкеттик кадр кызматы магистердик программаларга мамлекетик жана муниципалдык кызматкерлерди тандап алууда узак убакыттан бери Ханнс Зайдель фонду менен бекем кызматташып, бай тажрыйбага ээ болгондугун баса белгилеп кетүү керек.