Кадр кызматы Чыңгыз Айтматовду эскерди

Мамлекеттик кадр кызматынын эмгег жамааты директору Акрам Мадумаров баш болуп Бишекетин четиндеги Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун арбагына арнап, куран окуп, күмбөзүнө гүл коюшту. Бул иш-чарага Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жана белгилүү акын, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары акын Тынчтыкбек Нурманбентов катышышып, сөз айтышты.  

Андан соң Мамлекеттик кадр кызматынын жамааты мамлекеттик резиденцияда Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барып, жазуучунун басып өткөн жолу менен кенен таанышышты.