Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Корея Республикасынын персоналдарды башкаруу министри Ким Пан Сук менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Корея Республикасынын персоналдарды башкаруу министри Ким Пан Сук менен жолугушту. Жолугушуу «Мамлекеттик сектор жаатында адам ресурстарын башкаруу» семинарынын алкагында болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтык, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты. КР Мамлекеттик кыдр кызматынын жетекчиси адам ресурстарын башкаруу жаатында Кыргызстан Корея Республикасынын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Аталган семинарга ошондой эле Президенттин Аппаратынан, КРнын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин статс-секретары, КР мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аппаратынын жана аймактык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын персоналдар менен иштөө башкармалыктарынын кызматкерлери катышты.