КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору КУУнун студенттери менен жолугушту

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Акрам Мадумаров: -“Мамлекеттик кадр кызматынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын ар кайсы тармактарында татыктуу жана күчтүү кадр резервин түзүү болуп саналат. Ведомство өлкөбүздөгү ЖОЖдор менен биргеликте келечекте татыктуу  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоону ишке ашырат.

КР Мамлекеттик кадр кызматынын  уюштуруу иштери жана каръпландоо бөлүмүмүнүн башкы адиси Жанара Иманалиева студенттерге мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кабыл алуудагы копьютердик тестирлөөнүн жүрүшү тууралуу кенен маалымат берди.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору ЖОЖдун студенттерине кайрылып, аларды эмгекчил болууга, алдыларына койгон максаттарына жетүүгө жана өз өлкөсүн өнүктүрүүгө салым кошууга чакырып, жыл өткөн сайын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга талаптар жогорулап жаткандыгын, андыктан ар бир студент татыктуу билимге ээ болуу менен бирге чет тилдерди дагы мыкты өздөштүрүү керек экендигин баса белгиледи.