Мамлекеттик кадр кызматы аймактык жана жергиликтуу дэңгээлдэги жетекчилерин окутуусун улантып жатат

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы “2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы катарында жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында болуп жаткан жер жерлердеги окутуу семинарлардын экинчи жумасы аяктады.

22-ноябрь күнү Талас облусу боюнча окутуулар жыйынтыкталып, райондук мамлекеттик администрация башчылары, шаар мэрлери, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчыларына жыйынтыгы менен: Талас району жана Талас шаары боюнча 41 катышуучуга, Бакай-Ата районунан 31 катышуучусуна, Кара-Бура районунан 29 жана ошондой эле, Манас району боюнча 30 катышуучусуна тийиштүү сертификаттар ыйгарылды.

Ошондой эле 27-ноябрда Ош облусунда окутуу семинарлары соңуна чыкты. Облус боюнча 185 угуучу катталып, анын ичинен 180 угуучуга сертификаттар ыйгарылды.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Нарын районунда 55, Ак-Талаа районунда 48 жана Ат-Башы районунда 36 мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен окутуу семинарлары өткөрүлүп, сертификаттар тапшырылды.

Ушундай эле окутуу семинарлары бекитилген графикке ылайык 26-ноябрь  күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, 28-ноябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда башталып, Жалал-Абад, жана Чүй облустарында уланууда.