Бавариялык эксперттер  айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча тажырыйба бөлүштү

5-декабрда  КР Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан Ханнс Зайдель фондусунун активдүү колдоосу менен Кыргыз Республикасында  бавариялык тажырыйбаны колдонуу менен  айыл аймактарын өнкүтүрүүгө арналган  конференция уюштурулду.

Конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды  аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында  өтүп, көп сандагы киши катышты.Алардын арасында  КР Президентинин жана Өкмөтүнүн  Аппаратынын өкүлдөрү, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  иштери жана этностор аралык мамилелер   боюнча мамлекеттик агенттиктин директору  Бахтияр Салиев, Германия Федеративдүү Республикасынын  Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси  Моника Иверсен айым, Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси  Олимзода Сухроб Ходжа, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси  Рашидов Комил  Каюмович, Ханнс Зайдель фондусунун  Борбор Азия боюнча долбоорунун жетекчиси д-р Макс  Георг Майер бар.Форумдун ишине  Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик органдарынын жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү адистиктеги университеттердин, ошондой эле  Шериктештиктерди өнүктүрүү жана инвестирлөө агенттигинин өкүлдөрү катышты.

Конференцияга  КР Мамлекеттик Кадр кызматынын  директору  Акрам Мадумаров  модераторлук кылды.

Чет элдик докладчылардын - Бавариянын  Азык-түлүк, айыл жана токой чарба  министрлигинин  айыл райондорун өнүктүрүү боюнча админстрациясынын аткаруу комитетинин  мүчөсү  Лотар Винклер мырзанын  жана Ханнс  Зейдель фондусунун  Шаньдун провинциясындагы  (КЭР) өкүлчүлүгүнүн жетекчиси  д-р Михаэль  Клаустун докладдары өзгөчө кызыгууну туудурду.Эксперттер  айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча докладдарын окуп беришип, Баварияда айыл жерлерин өнүктүрүүгө багытталган  негизги багыттар тууралуу айтып беришти.Лотар Винклер мырза өз сөзүндө айыл региондорун  күчөтүү аркылуу жашоо үчүн  келечектүү жана жагымдуу жерлерди жакшы шарттар менен камсыздоого көмөктөшүү  Бавариянын 2013-жылдан берки  конституциялык милдеттеринин бири болуп келатканын  белгиледи.

Кыргызстан тараптан   КР Айыл чарба, мелиорация  жана тамак -аш өнөр жайы  министрлигинин жана КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер   боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Бул иш-чара эксперттик шериктештиктердин  айыл жерлерин өнүктүрүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуусун  жөнгө салуучу  өзүнчө аянтча болуп калды.

Конференциянын соңунда катышуучулар  Кыргыз Республикасынын  айыл жерлерин өнүктүрүүгө  Бавариялык тажырыйбаны колдонууну колдогон резолюция кабыл алышты.Бул резолюция делегаттар европалык стандарттарга жооп берген  айыл чарба продукцияларынын потенциалын  чыңдоону да колдошоорун  билдирет.

Иш-чаранын жалпыланган  материалдары жана  сунуштар  2019-жылга  Кыргыз Республикасынын  айыл жерлерин өнүктүрүү боюнча  Жол картасын иштеп чыгууга да киргизилет.