Мамлекеттик кадр кызматы аймактык жана жергиликтуу дэңгээлдэги жетекчилерине кыска мөөнөттүү окутуу курсун уюштурду

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 “2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы катарында жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкаруу академиясы биргеликте аймактардагы  башкаруу органдарынын жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча кыска мөөнөттүү окутуу курсун уюштурду.

Окутуу Кыргыз Республикасын  2018-2040-жылдарга туруктуу  өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы, мамлекеттик башкаруунун негиздери жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жаатындагы мыйзам ченемдер боюнча темаларды камтып, ага   мамлекеттик администрация башчылары, райондук мамлекеттик органдардын жетекчилери, шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары, орун басарлары тартылды.  Эки күндүк окутуу семинарлары  2018-жылдын 13-ноябрынан 13-декабрга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Ысык Көл, Чүй облустарында болуп өттү. Окутуу семинарларына жалпысынан 1298 кызматчы катышты, алардын ичинен:

райондук администрация башчылары-акимдер - 21

акимдин орун басарлары - 18

         ыйгарым укутуу өкүлчүлүктүн аппарат жетекчилери - 2

         райондук администрациянын аппарат жетекчилери – 23

         мамлекеттик органдардын жетекчилери – 181

         мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басары – 37

         бөлүм башчылар жана кызматчылар – 301

         жергиликтүү кеңештин төрагасы – 4

         шаар мэрлери – 13

         айыл өкмөт башчылары – 249

         вице мэр - 9

         шаар мэриясынын аппарат жетекчиси – 9

         башкармалыктын жетекчилери – 20

         айыл өкмөтүнүн орун басары – 47

         айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы – 194

         бөлүм башчылар жана адистер – 87

Окутуунун жыйынтыгы боюнча  1215  адамга сертификат тапшырылды.

Окутуу семинарлары жакшы уюшкандыкта өткөрүлдү, угуучулар тарабынан  семинарлардын пайдалуулугу белгиленип, бул сыяктуу окутууларды мезгил-мезгили менен уюштуруп туруу сунушталды.

Ошондой эле окутуулардын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында орун алган көйгөйлөр талкууланып, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жаатындагы мыйзам ченемдерди жакшыртуу боюнча төмөндөгү сунуштар киргизилди:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын бош орундарын ээлөө үчүн болгон конкурстун практикалык тапшырма этабын (кандай формада болбосун) алып салуу   

- кызматчылардын ишин баалоону жарым жылдыктын жана жылдын жыйыныгы боюнча жүргүзүү жөнүндө ченемди киргизүү

- квалификациялык талаптарга кызматтык топто эмгектенген иш стажын киргизүү: улук, башкы жана жогорку кызмат орундарына талапкерлерге кенже, улук, башкы кызматта иштеген иш стажынын керектигине талап коюу, тиешелүү 2, 3, 5 жыл

- муниципалдык кызматтын кенже  кызмат орундарына  сынаксыз кабыл алууну киргизүү

- муниципалдык кызматчыларга башка айлык акы төлөнчү кызматтарда иштегенге мүмкүндүк берген ченемди киргизүү

- компьютердик тестирлөөнү  on-line режиминде өткөрүү

- бош кызмат ордуна 3 айга чейин “конкурска чейин дайындоо” мөөнөтүн мыйзамдаштыруу, социалдык кепилдиктерди колдонбостон (алыскы тоолор айыл өкмөтүнө жана чек арага жакын жайгашкан айыл өкмөттөрүнө)

- кызматчылар ишиндеги кемчиликтерди оңдогон учурда  колдонулган тартиптик жазанын мөөнөтүн 6 айдан эрте алып салуу жөнүндө ченемди киргизүү

         - саясий кызмат орундагы жетекчилердин ишине баалоону колдонуу жана баалоону жүргүзүүчү органды аныктоо;

- саясий кызматчыларга класстык чендерди ыйгаруу жол-жобосун иштеп чыгуу

- мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын айлык акысынын минималдуу базалык ставкасын жогорулатуу

- айыл өкмөттөрүнүн штатын көбөйтүү

Түшкөн сунуштар боюнча МКК тарабынан тиешелүү иш чаралар аткарылууда.