Сыналуучу тестирлөө кабинети кайрадан өз ишин улантууда

Урматтуу жарандар жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык бош кызмат орундарына сынакка катышуучулар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын (МКК) «Сыналуучу тестирлөө кабинети» кайрадан өз ишин улантууда. «Сыналуучу тестирлөө кабинети» Бишкек ш., Чүй пр. 122 дарегинде, МККнын имаратынын биринчи кабатында (имараттка киргенде сол жак тарапта) жайгашкан.

«Сыналуучу тестирлөө кабинети» күнүнө саат 9-00дон 12-00гө чейин жана 14-00дон 17-00гө чейин иштейт.

Сыналуучу тестирлөөнү өтүү тууралуу кошумча маалыматты 62-01-30 телефонуна чалып, билип алсаңыздар болот.