Мамлекеттик кызматка жаңы кадам таштагандар ант беришти

Мамлекеттик кызматка жаңы кадам таштагандар ант беришти

Жаш адистер Кыргыз Республикасынын Конституциясын бекем сактоого, Кыргызстандын эли үчүн ак кызмат кылууга  ант беришти. Антты кабыл алуу аземи белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков атындагы үй-музейинде өткөрүлдү.

Иш-чарага  КР МККнын директору Акрам Мадумаров катышып, жаш адистерди  мамлекет үчүн ак кызмат кылууга чакырып, өлкө үчүн чоң салымын кошкон саясий ишмер Исхак Разаковдой  инсандардан үлгү алуу керек экендигин баса белгиледи.

Ант берүү аземинин акырында КР Мамлекеттик кадр кызматынын эмгек жамааты  И. Раззаков атындагы үй-музейи менен таанышышты.

И.Раззаков  Кыргыз ССРнин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Анын жетекчилиги алдында Кыргыз ССРинде жыйырмадан ашык өндүрүш ишканалары ачылган.  Анын арасында   Лебединов, Аламедин, Пржевальск ГЭСтери,   "Кыргызавтомаш", Ош  электромеханикалык завод, бут кийим фабрикалары бар. Ошондой эле М. В. Фрунзе атындагы айыл-чарба машина куруу ири заводу, Фрунзе-Ош бийик тоолуу трассасы курулган.