Мамлекеттик кадр кызматынын директору Бишкек финансы-экономикалык техникумунда болду

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров  КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев менен биргеликте Бишкек финансы-экономикалык техникумунда болушту.

БФЭТнын директору Айбек Кулунтаев  келген конокторго жана жалпы окуу жайдын эмгек жамаатына  акыркы жылдарда техникумда аткарылып жаткан иштер тууралуу отчет жасады.

Бишкек финансы-экономикалык техникумун  директору  өз отчётунда окуу жайдын финансы-экономикалык жагдайына: билим берүү жана чарба иштерине жумшалып жаткан чыгымдарга кенен токтолду.   

Жолугушуунун акырында жыйындын катышуучулары окуу жайдын жетекчилигине өздөрү кызыккан суроолорду беришти.