Мамлекеттик кадр кызматынын директору кадр кызматынын Түштүк аймактык Өкүлчүлүгүндө иш сапары менен болду

Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.К. Мадумаров жана директордун кеӊешчиси Б.А.Асанов кадр кызматынын Түштүк аймактык Өкүлчүлүгүнүн Ош жана Жалал-Абад шаарларында жүргүзгөн ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Ошондой эле ал компьютердик тестирлөө борборлорунда да болуп, ал жердеги жабдуулардын абалын карап, эмгек жамаат менен жолугушту.    

Жогоруда аталган жолугушууда А. Мадумаров өкүлчүлүктүн  мамлекеттик жана ЖӨАБ органдары менен болгон кызматташуусу, жабдуулардын абалы, белгиленген тартиптеги иштер жана башка көйгөйлөргө басым жасады.

Иш сапардын соңунда Акрам Мадумаров Түштүк аймактык Өкүлчүлүгүнүн эмгек жамаатына ЖӨАБ органдарында ишти күчөтүү жана компьютердик тестирлөөнүн ишин жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.