МКК  мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө Тажикстан менен кызматташат

 КР мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Тажикстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сухроб Олимзода менен жолугушту.

МККнын жетекчиси бул ведомство өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик бирдиктүү кадр саясатын ишке ашырган  мамлекеттик орган экендигин маалымдады.

Тараптар Кыргыз Респрубликасынын мамлекеттик кадр кызматы  менен Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуу жүргүзүштү.

Жолугушуунун акырында тараптар мамлекеттик кызмат жана окутуу багытында тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти.