Аймактарды өнүктүрүү жана санариптик билим берүү борборун түзүү боюнча кеңешме болду

КР Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы  “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы,  Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана  КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте аймактарды өнүктүрүү жана санариптик билим берүү борборун түзүү” боюнча  №1  Жарлыгынын 6 пунктун жүзөгө ашыруу жаатында  Кыргыз Республикасынын Мамлекетти кадр кызматы Кыргыз Республикасынын  Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу  Digital CASA долбоору жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте Аймактарды өнүктүрүү жана санариптик билим берүү борборун түзүү боюнча  кеңешме өткөрдү.

Отурумда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптик билим берүү борборун түзүү боюнча уюуштуруу маселелери каралып, ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү чечими бир жобуштан кабыл алынды.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын алкагында Борборду түзүү маселелери талкууланды. Ошондой эле санариптештирүү боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилери, орун басарлары, статс катчылары жана аппарат жетекчилери үчүн атайын тренингдерди уюштуруу боюнча сунуштар айтылды.