Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңеш Айнур Абдылдаеваны Юстиция министрлигиндеги статс-катчылык кызматка сунуштоо тууралуу чечим чыгарды

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча  Кеңеш КРнын Юстиция министрлигиндеги ваканттык статс-катчылык кызмат үчүн  сынак өткөрдү.      

Сынакка  9 талапкер катышты. Талапкерлер  тестирлөөдөн 60 % кем эмес баллды топтошсо, сынактын практикалык тапшырмаларды аткаруу этабына катыша алат, андан  60 % кем эмес баллды  багындырса баарлашуу сынагына катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Тестирлөөгө катышкан 9 талапкердин ичинен 7си сынактын практикалык тапшырмаларды аткаруу этабына катыша алды.   

Практикалык тапшырмаларды аткаруу этабынан  Айнур Абдылдаева, Данияр Бакчиев, Толкун Бекбулатова, Чынгыз Кененбаев, Манас Сарымсаков, Айжан Сатыбекова  өтүштү.

2017-жылы 9-июнда жогорудагы Кеңеш тарабынан КРнын Юстиция министрлигиндеги ваканттык статс-катчылык кызматка Айнур Абдылдаеваны сунуштоо тууралуу чечим кабыл алынды.