Вакансиялар Талас облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Талас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы
Бөлүм: Социалдык кепилдиктерди төлөө сектору
Кызмат орду: башкы адис
Талаптар:

Талас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынынын негизинде бош мамлекеттик административдик кызмат орунуна  конкурс жарыялайт.

1.Социалдык кепилдиктерди төлөө  секторунун  башкы  адиси –1 орун

Кызматтык милдетери;

 

Квалификациялык талаптары;

-Кыргыз Республикасынын жараны болуп  саналууга;

-  21 жаштан жаш болбоого;

- КР ченемдик-укуктук актыларын  билүүсү  зарыл;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

 - Компьютерде иштөө тажрыйбасы болуусу шарт (word, excel);

Кесиптик билимдин деңгээли:

  -экономикалык, финансалык, юридикалык,  гуманитардык  же техникалык тармак боюнча жогорку билим:

Стажы жана иш тажрыйбасы:

 - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

2.Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү секторунун  башкы  адиси -1 орун

Квалификациялык талаптары;

-Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;

-  21 жаштан жаш болбоого;

- КР ченемдик-укуктук актыларын  билүүсү  зарыл;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

 - Компьютерде иштөө тажрыйбасы болуусу шарт (word, excel);

Кесиптик билимдин деңгээли:

экономикалык,  юридикалык,  гуманитардык  же социалдык багыттгы  жогорку кесиптик билим:

Стажы жана иш тажрыйбасы:

 - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка нормативдик – укуктук актыларын билүүсү;

- Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчы ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө зарыл.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек;

- бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;

- кадрлар боюнча өздүк баракча, сүрөтү (4х6 - 2 даана);

- өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- резюме;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

      Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди төмөнкү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде саат 9-.30 дан 17.30 чейин тапшыруу керек.

      Бош мамлекеттик админстративдик кызмат орундарына белгиленген функционалдык  милдеттери боюнча толук малыматты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынан mkk.gov.kg сайтынан  алсаныздар болот.

Дареги: Талас району, Көк Ой айылы, Ленин көчөсү № 200

Талас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын имараты.

Маалымат алуу телефондору: 03422 5-86-49  0558 10-37-01 0777 10-36-01

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-09-20 00:00:00
Дата аягы: 2017-10-03 00:00:00