Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү
Бөлүм:
Кызмат орду: Сузак району боюнча башкы адис (1 орун)
Талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын жараны, 21  жаштан  жогору ;
  • Жогорку кесиптик билими (инженер-куруучу, инженер-гидротехник, өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча); эмгек стажы  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө  3 жылдан кем эмес.
  • Гидротехникалык курулуш тармагындагы тажрыйбасы;
  • Жээк коргоочу курулмаларды эксплуатациялоо;
  • Тосмолордун деформациясын  аныктоо ыкмалары , топографиялык сьемкаларды жасай билүү;
  • Мыйзамды жана нормативдик – укуктук актыларды билүү.

Функционалдык  милдети:

  • Дарыянын бекитилген участкасындагы суунун көлөмүнүн эсебин алуу;
  • Курулмаларды оңдоп-калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүнө , жаңы курулуштарга техникалык көзөмөл жүргүзөт жана аткарылган жумуштун көлөмүн, баасын, сапатын текшерет;
  • Долбоорлоо-сметалык документтерде болгон кемчиликтерди текшерет жана аларды өз убагында жоюуга чара көрөт;
  • Оңдоо жумуштарынын журналын, аткарылган жумуштардын реестрин алып барат жумуштун  аткарылгандыгы тууралуу документтерди текшерет жана курулмалардын паспортторун эсебин алат;
  • Сел жана суу ташкындары айыл-кыштактарга жана айыл-чарба жерлерине коркунучун жараткан  участкаларды  изилдөө жана аныктоо.

 Сынакка  катышуу үчүн негизги документтер:

  • Бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз ;
  • Кадрларды эсепке алуу боюнча баракча сүрөтү (4х6) менен;
  • Өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмеси, сунуш каттары;
  • Паспорттун көчүрмөсү же өзүн тастыктаган күбөлүгү;
  • Билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун  көчүрмөлөрү;
  • Эмгек китепчесинин жана дипломдун көчурмөлөрү (нотариустан, же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  • Аскер билетинин көчүрмөсү (эгерде аскерге милдеттүү болсо);
  • Ден-соолугу боюнча малымкат  (форма 086 У).

   Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди дарекке жарыя ММК чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн  ичинде иш күндөрү  саат 8:30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек

 Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 18 ,  тел. 037-22-2-50-94.

        Сынак өткөрүү орду жана убактысы кошумча билдирилет.

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00