Вакансиялар Талас облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигинин Манас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде төмөндөгү бош мамлекеттик административдик кызмат орундарына сынак жарыялайт:
Бөлүм: «Финансалык эсеп жана отчеттуулук» сектору
Кызмат орду: жетектөөчү адис
Талаптар:
  1. «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, улгайган жарандарга жана жашаган жери аныкталбаган адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү» секторунун жетектөөчү адисинин бош кызмат ордуна – бир орун

 

Кызматтык милдеттери:

Үйүндө тейлөөгө муктаж болгон улгайган жарандарды,  ДМЧА жана  социалдык жардамга муктаж үй – жайсыз жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүү.

 

Квалификациялык талаптар:

-          Жогорку билим.

-          Компьютерде иштөө тажрыйбасы (Word, Excel)

-          21 жаштан жогору Кыргыз Республикасынын жараны

-          Кыргыз Республикасынын ченемдик – укуктук Актыларын билүүсү зарыл.

 

  1. 2. «Финансалык эсеп жана отчеттуулук» секторунун жетектөөчү адисинин бош

     кызмат  ордуна – бир орун.

 

Кызматтык милдеттери:

 

Башкармалыктын бухгалтердик – финансалык иштерин жүргүзүү.

 

Квалификациялык талаптар:

 

-  Жогорку же атайын орто экономикалык – финансалык билим

-  Компьютерде иштөө тажрыйбасы (Word, Excel)

-  Кыргыз Республикасынын жараны, 21 жаштан жогору.

-  Кыргыз Республикасынын ченемдик – укуктук Актыларын билүүсү зарыл.

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди башкармалыктын Аттестациялык- сынактык комиссиясына тапшыруу керек:

 

  1. Кадрлар боюнча өздүк баракча;
  2. Бош кызмат оруну көрсөтүлүп жазылган арызы;
  3. Эки сүрөт 4 х 6;
  4. Паспорттун көчүрмөсү;
  5. Билимин тастыктаган документтин көчүрмөсү, эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус аркылуу же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн).

 

Конкурска катышуучулар негизинен төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү талапка ылайык болот:

 

  1. КР Конституциясы;
  2. КР “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамы;
  3. КР Эмгек Кодекси;
  4. КР “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы;
  5. КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 токтому менен бекитилген “Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө ” типтүү жобо.

 

 

Сынакка катышуу үчүн тиешелүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 14 күндүн ичинде тапшыруу керек.

Конкурстук комиссия талапкерлердин документтерин ар бир жумушчу күнү саат                9.00 дон 17.00 го чейин кабыл алат.

 

Дареги: Манас району, Покровка айылы, К. Жаманкулов көчөсү 123, Манас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы.

Маалымат алуу телефону: (03459) 2-28-58.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-03-02 00:00:00
Дата аягы: 2016-03-16 00:00:00