Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Сузак райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: Реалдуу сектор
Кызмат орду: Башкы адис
Талаптар:

- Энергетика жана электротехника, транспорттук техника жана технология багыты боюнча жогорку билим.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдору жөнүндө», «Электр энергиясы жөнүндө», «Автомобиль транспорту жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдары.

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Функционалдык милдеттер:

Транспорт, курулуш, коммуникация жана байланыш иштери боюнча иш жүргүзөт; бекитилип берилген айылдык аймактын, ДЭП-22, ДЭП-31, ДЭП-52, ӨКМ райондук бөлүмүнүн, архитектура, автоунаа ишканаларынын, Сузак РЭТ, Көк-Арт РЭТ, Сузак райондук электр энергиясын сатуу ишканасынын  ишмердүүлүгүн координациялайт

 

Талап кылуунучу документтер:

- жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- мүнөздөмө.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан кундон баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Сузак району, Сузак айылы, Сатвалды-Палван к., №108, тел(03748) 5-00-75

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-10-09 08:30:00
Дата аягы: 2017-10-20 17:30:00