Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ноокен районун Арал айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Адис- иш кагаздарын жүргүзүүчү (1штаттык бирдик), ж.б.
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же кесиптик орто билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн«Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

- Функцияналдык милдеттери

Электрондук, факс аркалуу келген кагаздарды каттап көзөмалга алат. Документтерди каттоого, көбөйтүүгө жана тиешелүү мекемелерге, жетекчилерге жеткирет. Иштердин номенклатурасын жана башка документтерди жүргүзөт.Документтерди сактоого жана учурдагы архивди жүргүзөт. Айыл өкмөттүн табелин толтурат. Көзөмөлдө турган иш кагаздардын аткаруу мөөнөттөрү жакындашканы жөнүндө эскертүүлөрдү даярдоону уюштурат. Келген документтерди жетекчиге киргизет. Иш кагаздардын отчетун даярдайт. Архивтен документтерди карап кайра өз ордуна тиркейт. Аткарылып бүткөн иш кагаздарын өз ордуна коет. Айыл өкмөт башчысынын жеке кабыл алуусун каттайт. Жумуш убактысын эсепке алуунун табелин жүргүзөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын жана жооптуу катчынын башка  тапшырмаларын аткарат.

  1. Адис – салыкчы ( 1штаттык бирдик)

 1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Экономикалык жогорку билим же кесиптик орто билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» мыйзамы.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

- Функцияналдык милдеттери

Айыл өкмөтүнүн бюджетине төлөмдөрдүн өз учурунда түшүүсүн контролдоого, салык төлөөчүлөрдүн төлөмдүк жана финансылык тартиптерди сактоолору боюнча регулярдуу, анын ичинде утурлама текшерүүлөрдү жүргөт. Кварталдар боюнча бөлүү менен бюджетке төлөмдөрдүн планын түзүүгө, аны аткаруу үчүн чарбакер субъекттерге билдирүүнү жана анын аткарылышын камсыз кылат. Белгиленген финансылык отчетторду өз учурунда түзүүнү жана берүүнү камсыз кылат. Мезгил-мезгили менен (ай сайын, квартал сайын) аймакта белгиленген төлөмдөрдүн бюджеттик түшүүсүнө талдоо жүргүзүүгө жана тиешелүү сунуш киргизөт. Салык салуу маселелерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды түшүндүрүү жана колдонуу боюнча юридикалык жана жеке жактарга консультациялык жардам көрсөтөт.

        Талап кылынуучу иш кагаздары:

- жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).                                                                                                                                                                 

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл аларын экертебиз.

Арал айылы; Арал айыл Өкмөтү, квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге конкурс өткөрүлүүчү күн жана жай кошумча билдирилет.

Дареги: Жалал Абад областы, Ноокен району, Арал айылы, Колхозная көчөсү №18 Телефондор: 03734 6 01 30  0552-34-00-45

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-10-09 08:30:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00