Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Адис 1 орун (салыктар боюнча адис)
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Экономикалык жогорку билим же кесиптик орто билим. 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» мыйзамы.

- билгичтиги:

Бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү боюнча жумуштарды аткарат;

-төлөмдүк тартипти бузуучу чарбакер субьекттерге чара көрүү боюнча маалымат даярдоо;

-Салык салуу маселесин жөнгө салуу боюнча жумуштарды аткарат;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

4) Функционалдык милдеттер:

- жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү боюнча иштерди түздөн түз аткарат. Жергиликтүү бюджетке төлөмдөрдүн өз учурунда түшүүсүн камсыздайт. Салык төлөөчүлөрдүн өз мезгилинде төлөмдүк жана финансылык тартиптерди сактоосу боюнча түшүндүрүү иштерин алып барат, өз компентенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөмдүк тартипти бузуучу чарбакер субьекттерге чараларды көрүүгө, төлөмдөр  боюнча кыянат төлөбөөчүлөрдүн (недоимщик) салык калдыгын өндүрүү боюнча сунуш киргизет. Натыйжасыз жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын айрым төлөмдөрүн алып салуу боюнча сунуштарды даярдайт.

Адис 1 орун (юрист)

  1. Квалификациялык талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- юридикалык  жогорку билим же кесиптик орто билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

«Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары» жөнүндө мыйзамы, Кыргыз

Республикасынын баш мыйзамдары. Кыргыз Республикасынын «Жер кодекси»

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана   

практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

2.Функционалдык милдеттер:

- айыл өкмөттүн бардык иш кагаздарынын юридикалык жактан туура деп даярдалышын түздон түз көзөмөлдөйт жана юридикалык кеңештерди берет;

- айылдык кеңештин жана айыл өкмөттун чечимдерин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн даярдайт.

Сынакка катышу үчүн талап кылынуучу документтер:

- жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- мүнөздөмө.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт. Ноокен району Сакалды айылы Ш.Молложанов көчөсү №45 (айыл өкмөттүн имараты) тел: 6-00-83, эл.адрес: sakalduvap@rambler.ru, индекс 721211

Талапкерге сынак өткөрүү күнү жана орду тууралуу кошумча маалымат

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00