Вакансиялар Талас облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигинин Манас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде төмөндөгү бош мамлекеттик административдик кызмат орундарына сынак жарыялайт:
Бөлүм: Манас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы
Кызмат орду: башкы адис
Талаптар:
  1. «Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо» бөлүмүнүн башкы адисинин бош кызмат ордуна – бир орун.

 

 

 

Кызматтык милдеттери:

Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй – бүлөлөр  жана  балдар менен иш алып баруу.

 

Квалификациялык талаптар:

 

-  Жогорку экономикалык, гуманитардык, юридикалык, техникалык же социалдык билим;

-  Компьютерде иштөө тажрыйбасы (Word, Excel);

-  Кыргыз Республикасынын жараны, 21 жаштан жогору;

-  Мамлекеттик кенже кызматтарда бир жылдан кем эмес же өз адистиги боюнча үч

    жылдан кем эмес иш стажы;

-  Кыргыз Республикасынын ченемдик – укуктук Актыларын билүүсү зарыл.

 

Конкурска катышуучулар негизинен төмөндөгү мыйзамдарды билүүсү талапка ылайык болот:

 

  1. КР Конституциясы;
  2. КР “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамы;
  3. КР Эмгек Кодекси;
  4. КР Балдар кодекси;
  5. КР Үй-бүлө кодекси;
  6. Балдардын укуктары жөнүндө конвенция;
  7. КР Жарандык кодекси;

 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди башкармалыктын Аттестациялык- сынактык комиссиясына тапшыруу керек:

 

  1. Кадрлар боюнча өздүк баракча;
  2. Бош кызмат оруну көрсөтүлүп жазылган арызы;
  3. Эки сүрөт 4 х 6;
  4. Паспорттун көчүрмөсү;
  5. Билимин тастыктаган документтин көчүрмөсү, эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус аркылуу же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн).

 

 

Сынакка катышуу үчүн тиешелүү документтерди төмөндөгү дарекке жарыя чыккан күндөн баштап 14 күндүн ичинде тапшыруу керек.

Конкурстук комиссия талапкерлердин документтерин ар бир жумушчу күнү саат                9.00 дон 17.00 го чейин кабыл алат.

 

Дареги: Манас району, Покровка айылы, К. Жаманкулов көчөсү 123, Манас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы.

Маалымат алуу телефону: (03459) 2-28-58.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2016-03-05 00:00:00
Дата аягы: 2016-03-19 00:00:00