Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Сузак райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: Уюштуруу иштери жана иш кагаздары менен камсыздоо бөлүмү
Кызмат орду: башкы адиси
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому.

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Функционалдык милдеттер:

Раймамадминистрациянын канцеляриясынын ишин алып барат;  аткаруу тартиби боюнча райондук мамлекеттик администрациясына, орун басарларына, аппарат жетекчисине, бөлүм башчысына туруктуу маалымат берет;  раймамадминистрациясынын чечим, буйрук, токтомдорунун аткаруусун камсыздайт, тиешелүү бөлүм, секторлордон маалыматтарды алат; раймамадминистрациянын аппараттык чогулуштарынын, коллегиясынын кеңешмелерин протоколдоштурат; раймамадминистрациянын иш кагаздарын, документтерин, мөөрүнүн, штампынын сакталышына жана мыйзам чегинде пайдаланууга жооп берет; иш кагаздарын мыйзам менен берилген тартипте мамлекеттик архивге өткөрүп берет; акимдин жарандарды жеке кабыл алуусун уюштурат; АСКИД программасын иштет.

 

Талап кылуунучу документтер:

- жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- мүнөздөмө.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан кундон баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Сузак району, Сузак айылы, Сатвалды-Палван к., №108, тел(03748) 5-00-75

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-10-09 08:30:00
Дата аягы: 2017-10-20 17:30:00