Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ош облусунун Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Жооптуу катчы – 1 орун/Башкы адис - ветеринария жана мал чарбасы боюнча – 1 орун/Адис – чыгымдар боюнча – 1 орун
Талаптар:

Ош облусунун Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтү бош административдик муниципалдык кызмат орундарына

конкурс жарыялайт!

 

 

  1. Жооптуу катчы – 1 орун

 

  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, менеджмент, экономика, айыл чарба жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндөгү).

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана / же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,”Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы билүүсү;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды: Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:  “Жайыттар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү жобо, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик  жөлөкпулдар  жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Мектепке чейинки мекемелер жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”,  “Тынч чогулуштар жөнүндө”;

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

Билгичтиги:

- тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин өнүгүү программаларын натыйжалуу тейлөө;

- ишти натыйжалуу пландоо;

- тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;

- кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү.

- кабыл алынган чечим боюнча жоопкерчиликти өзүнө алуу.

Көндүмдөрү:

- финансылык менеджмент жаатында;

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгууда;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- башкаруучулук иши (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо);

- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;

- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.

 

  1. Башкы адис -  ветеринария жана

мал чарбасы боюнча – 1 орун

 

  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку же болбосо орто кесиптик билим  (ветеринардык, айыл чарба, зоотехник илимдер боюнча).

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

-иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,”Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы билүүсү;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Ветеринария жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Тынч чогулуштар”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”);

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөрү:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

- командада иштөө.

Билгичтиги:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

 

  1. Адис – чыгымдар боюнча – 1 орун

 

  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку же болбосо орто кесиптик билим (бардык тармактар боюнча).

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенциясы:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,”Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы билүүсү;

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды (“Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”,  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”);

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү.

Көндүмдөрү:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;

- жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

- командада иштөө.

Билгичтиги:

- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

 

Талапкерлер төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:

 

- жеке арызы

- кадрларды каттоо баракчасы

- өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)

- резюме

- сүрөт

- паспорттун көчүрмөсү

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт)

 

Дареги: Өзгөн району, Көлдүк айыл өкмөтү,  Шамал-Терек айылынын А.Курманкулов көчөсүндө жайгашкан Көлдүк айыл өкмөтүнүн имаратында жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде  кабыл алынат.

Байланыш үчүн телефон: 0558-270664.

 

 

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-10-05 18:32:18
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00