Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кочкор-Ата шаардык кеңеши
Бөлүм:
Кызмат орду: Жооптуу катчы, ж.б.
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдары.

- билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

- көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

Жетектөөчү адис:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдары.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

 

СЫНАКА КАТЫШУУ ΥЧΥН ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР

  1. Өздүк арыз, комиссиянын төрагасынын атына:
  2. Өздүк баракча:
  3. 4х6 өлчөмдөгү сүрөт эки даана.
  4. Резюме:
  5. Өздүгүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспорт)
  6. Билими тууралуу документтин көчүрмөсү(нотариалдык тастыкталган же иштеген жериндеги кызматкерлер мене ниш алып баруукызматы тарабынан тастыкталган).
  7. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү(бар болсо, нотариалдык тастыкталган же иштеген жериндеги кызматкерлер мене ниш алып баруукызматы тарабынан тастыкталган).
  8. Сунуштама кат.
  9. Ден-соолугу тууралуу ф 0,86 медициналык справка
  10. Талапкердин өз колу менен жазылган өмүр баян

Документтерди кабыл алуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн 10 жумушчу күндүн  ичинде төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт.

Кочкор-Ата шаары, Токтогул көчөсү-17 Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын имараты.

Байланыш телефондор: 5-31-84, 5-32-36

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге конкурс өтүлүүчү күнү жана жайы боюнча билдирилет.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00