Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Сузак райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: Социалдык сектору
Кызмат орду: жетектөөчү адис
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо багыты боюнча жогорку билим.

2) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө», «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдары

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Функционалдык милдеттер:

Райондо гендердик саясаттын ишке ашырылуусун камсыздайт, республикалык жана областтык газета-журналдарга жазылууну уюштурат, социалдык фонддун, социалдык коргоо башкармалыгынын, райондук почтанын ишмердүүлүгүнө куратордук жүргүзөт, бекитилген ишкана мекемелерге карата иш чараларды иштеп чыгып, аткарылуусун  көзөмөлдөйт, алардын туруктуу отчетуулугун кабыл алат, элдик кол өнүрчүлүктү уюштуруу, улуттук каада салттарды жандандыруу боюнча программаларды, иш чараларды иштеп чыгып, ишке ашырат, бекитилген айылдык аймагына куратордук жүргүзөт, жетекчинин  тапшырмалары боюнча иш алып барат

Талап кылуунучу документтер:

- жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- мүнөздөмө.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан кундон баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Сузак району, Сузак айылы, Сатвалды-Палван к., №108, тел(03748) 5-00-75

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-11-20 08:30:00
Дата аягы: 2017-12-01 17:30:00