Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Сузак райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: Социалдык сектору
Кызмат орду: жетектөөчү адис
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо багыты боюнча жогорку билим.

2) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө», «Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө» мыйзамдары.

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Функционалдык милдеттер:

Райондо диний мекемелери боюнча иш алып барат, тиешелүү иш чараларды иштеп чыгып, аткарууну уюштурат, райондук кесиптик лицейлерге, райондук архив, райондук ЖААК бөлүмүнө,  карылар жана майыптар үйүнө, куратордук жүргүзөт, райондо элди таза суу менен камсыздоого тиешелүү иш чаралар боюнча иш алып барат, райондук аксакалдар кеңеши, аялдар кенеши, жаштар кеңеши менен иш алып барат, менчигинин түрүнө жана уюштуруу укуктук формасына карабастан райондун аймагындагы мекеме ишканаларда, коомдук бирикмелерде тил мыйзамынын талабына ылайык колдонулуусун, бул багытта тиешелүү иш чараларды иштеп чыгып, аткарылуусун көзөмөлдөйт;

Талап кылуунучу документтер:

- жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- мүнөздөмө.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан кундон баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Сузак району, Сузак айылы, Сатвалды-Палван к., №108, тел(03748) 5-00-75

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-11-20 08:30:00
Дата аягы: 2017-12-01 17:30:00