Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Сузак райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: Реалдуу сектор
Кызмат орду: башкы адис
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү багыты боюнча жогорку билим.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Токой кодекси,  Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө», «Ичүүчү суу жөнүндө» мыйзамдары.

 

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Функционалдык милдеттер:

Айыл жана суу чарбасы боюнча программаларды иштеп чыгууну, дыйкан, фермерлерге методикалык жардам көрсөтүүнү уюштурат, жайыттар, алардын арендага берилиши, жерге байланышкан маселереди чечүү боюнча иш алып барат, бекитилип берилген айылдык аймактын, Кара-Алма, Орток, Үрүмбаш токой чарбаларынын, агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын, үрөөнчүлүк чарбалардын, райондук жерге жайгаштыруу жана мамлекеттик мүлккө укутарды каттоо башкармалыгынын, райондук суу тармактары ишканаларынын, ветеринардык кызматтын, өсүмдүктөрдү коргоо жана техникалык инспекцияларынын иштерин координациялайт, айыл чарба жана кайра иштетүү продукциясынын дүң жыймын эсептеп чыгып, көзөмөлгө алат.

 

Талап кылуунучу документтер:

- жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

- мүнөздөмө.

Документтерди кабыл алуу жарыя чыккан кундон баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Сузак району, Сузак айылы, Сатвалды-Палван к., №108, тел(03748) 5-00-75

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-11-20 08:30:00
Дата аягы: 2017-12-01 17:30:00