Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы
Бөлүм: Жаратылышты пайдалануу жана мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмү
Кызмат орду: башкы адис, (ж.б.)
Талаптар:

1)  кесиптик билимдин деңгээли:

экология жана жаратылышты пайдалануу, токой жана аңчылык чарбасы, бухгалтер экономист, юриспруденция, биология багыттары боюнча жогорку билим;

2)  иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын Токой, Жер, административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстерин, “Айлана чөйрөну коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү туралуу”, “Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдарын;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

- көндүмдөрү:

айлана чөйрөнү коргоо багытында иш алып баруу;

эксперттик объектте мамлекеттик экспертиза жүргүзүү;

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

 

  1. Бухгалтердик эсеп, кадр иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү секторунун адиси кызмат ордуна - 1(бир) штаттык бирдигине квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- экономика, финансы, бухучет жана аудит багыттары боюнча  жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик учет жөнүндө”, “Республикалык бюджет жөнүндө (тийиштүү жылдарга)” мыйзамдары;

- билгичтиги:

ыкчам чечим кабыл алуу жана алардын кесепеттерин жоопкерчиликке алуу;

кызыкчылктардын кагылышына алып келүүчү жагдайлардын өз учурунда аныктоо жана көйгөйүн чечүү.

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Талап кылынуучу документтер:

- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

Документтерди кабыл алуу жарыя ММКда чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 9-00 дөн 18-00 гө чейин кабыл алынат.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, Б. Осмонов көчөсү 130, 

Тел.: (03722) 4-05-11, 4-08-30, (0779) 201 588

Сынак өткөрүү орду жана убактысы кошумча билдирилет.

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00