Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Тон райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: Экономикалык өнүгүү сектору
Кызмат орду: Сектор башчы
Талаптар:

Тоң районунун мамлекеттик администрациясы административдик

бош  кызмат орундарына сынак жарыялайт

 

Бөкөнбаев айылы                                                                                      Атакан көчөсү 64

 

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» Мыйзамына жана мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин 2009-жылдын 11-мартындагы «Мамлекеттик административдик бош кызмат орундарына сынак өткөрүү боюнча» бекиткен Жобосуна ылайык, Тоң раймамадминистрациясынын  экономикалык өнүгүү секторунун  башчысына  бош ваканттык административдик мамлекеттик кызмат ордуна сынак жарыялайт.

 

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

- «Экономика»,  «Финансы», «Менеджмент» «Юриспруденция» тармагы боюнча жогорку билими («Магистр» академиялык даражасынын же «Дипломдуу адис» квалификациясынын болушу);

- компьютерде иштей билүүсү: MS Word, MS Excel; MS PowerPoint; Adobe Photoshop; CorelDRAW.

-Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Билими:

Жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

-“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамы, КР Эмгек кодекси жана “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Саясий атайын мамлекеттик, муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Инвестициялар жөнүндөгү”, “Туризм жөнүндөгү”, “Ишкердик жөнүндөгү”, “Энергетика жөнүндөгү”, “Республикалык бюджет жөнүндө”, “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” “Жер жөнүндөгү”, “Кеӊ байлыктары жөнүндөгү” “Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү”, “Транспорт жөнүндөгү”, “Автомобиль жолдору жөнүндөгү”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү” мыйзамдарын, “Жер жөнүндөгү” Кодексин, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздери жөнүндө” Жобону, “Тон районунун мамлекеттик администрациясынын регламентин”, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарыи жүргүзүү боюнча” типтүү нускаманы билүүсү;

 

Негизги функционалдык милдеттер:

Сектор башчы:

-Экономикалык өнүктүрүү, инвестиция тартуу, ишкерликти колдоо, туризм, кичи жана чакан бизнести өнүктүрүү, өндүрүш, шаар куруу, курулуш, анын ичинде жол курулуштарын, коммуналдык чарба, энергокоопсуздук, энергия колдонуучуларды камсыздоо, экономика тармактарын күз-кыш мезгилдерине даярдоо, транспорт байланышы жана коммуникация, агрардык саясат жана агроөнөржай комплекси, анын ичинде айыл чарба , суу чарба, кайра иштетүү өндүрүшү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер жана агрардык реформа маселелерин координациялайт.

-Улуттук жана мамлекеттик программаларынын талаптарына жана районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү багыттарына ылайык райондук программаларды иштеп чыгат.

-Күн-Чыгыш айыл аймагынын ишин координациялайт.

-Раймамадминистрация жетекчилигинин тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн аткарат.

      Сынакка катышу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиясынын төрагасынын атына жазылган жеке арызы; 

- кадрдларды эсепке алуу баракчасы;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- өмүр баян;

- тиешелүү кесиптик билимин, иш тажырыйбасын жана квалификациясын тастыктоочу

  документтер, эгерде эмгек китепчеси болсо (алардын көчүрмөлөрү нотариустан же

  мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

- паспорт жана ким экендигин тастыктаган башка документ жеке өзү тарабынан

  документтерди тапшыруу учурунда көрсөтүлөт.

  Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндө тартып 10 (он) жумушчу күн ичинде кабыл алынат.

  Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар (03947) 91-4-87 жана 91-1-10

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-10-10 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00