Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Тон райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: Экономикалык өнүгүү сектору
Кызмат орду: Башкы адис
Талаптар:

Тон райондук мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык мамлекеттик администрациясы административдик бош  кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт.

 

Бөкөнбаев айылы                                                                                      Атакан көчөсү 64

 

Ваканттык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орду  - Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын  экономикалык өнүгүү секторунун  башкы адиси.

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

- Жогорку билим (экономикалык багыт боюнча).

-Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 -Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчы ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон

көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө карата.

Билими:

Жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамы, КР Эмгек кодекси жана “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Саясий атайын мамлекеттик муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Инвестициялар жөнүндөгү”, “Туризм жөнүндөгү”, “Ишкердик жөнүндөгү”, “Энергетика жөнүндөгү”, “Республикалык бюджет жөнүндө”, “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” “Жер жөнүндөгү”, “Кеӊ байлыктары жөнүндөгү” “Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөгү”, “Транспорт жөнүндөгү”, “Автомобиль жолдору жөнүндөгү”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү” мыйзамдарын, “Жер жөнүндөгү” Кодексин, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздери жөнүндө” Жобону, “Тон районунун мамлекеттик администрациясынын регламентин”, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарыи жүргүзүү боюнча” типтүү нускаманы билүүсү.

- компьютерде иштей билүүсү: MS Word, MS Excel; MS PowerPoint; Adobe Photoshop; CorelDRAW.

Негизги функционалдык милдеттер:

Башкы адис:

-Өндүрүш, шаар куруу, курулуш, анын ичинде жол курулуштарын, коммуналдык чарба, энергокоопсуздук, энергия колдонуучуларды камсыздоо, экономика тармактарын күз-кыш мезгилдерине даярдоо, транспорт байланышы жана коммуникация, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо маселелерин координациялайт.

            -Райондун социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча перспективалык пландарын түзөт жана алардын аткарылышын камсыз кылат, раймамадминстрациянын регламентинин, жоболорунун, нормативдик-укуктук актыларынын негизинде практикалык жардамдарды көрсөтөт. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн индикативдик көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын көзөмөлдөйт.

            -Иш алып барган тармактар  жана мекемелер боюнча раймамадминстрациянын коллегиясына маселе даярдайт жана раймамадминстрациянын токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөйт.

            -Ак-Терек айыл аймагынын ишин координациялайт.

-Раймамадминистрация жетекчилигинин тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн аткарат.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- Конкурстук комиссиясынын төрагасынын атына жазылган жеке арызы; 

- кадрларды эсепке алуу баракчасы;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- өмүр баян;

- тиешелүү кесиптик билимин, иш тажырыйбасын жана квалификациясын тастыктоочу

  документтери,  эмгек китепчеси (болсо)  -алардын көчүрмөлөрү нотариустан же

  мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек;

- паспорт жана ким экендигин тастыктаган башка документ жеке өзү тарабынан

  документтерди тапшыруу учурунда көрсөтүлөт.

            -Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 (он) жумушчу күндүн ичинде  кабыл алынат.

            -Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар (03947) 91-4-87, 91-1-10

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-10-31 00:00:00
Дата аягы: 2017-11-16 00:00:00