Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Көл районунун Абдрахман айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм: финансы-экономикалык бөлүм
Кызмат орду: Экономика жана статистика боюнча башкы адис
Талаптар:

Ысык-Көл району Абдрахман  айыл өкмөтү     

Жаркынбаев айылы                                           Абдрахманов көчөсү №27

          Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнундө” мыйзамына ылайык экономика жана статистика боюнча башкы адис ваканттык администрациялык муниципалдык кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт.

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономикалык, статистикалык, гуманитардык жана техникалык багыттар боюнча)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенциялары:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык аймактар жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” мыйзамдарын билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Негизги функционалдык милдеттери:

Экономика жана статистика боюнча башкы адис:

  • айыл аймагында экономикалык статистикалык маалыматтарды алып, тийиштүү органдарга өз убагында отчетторду тапшырат;
  • Статистикалык маалыматтардын так жүргүзүлүшүнө көзөмөл кылат.

Ачык конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат.

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз:

- кадрларды каттоо баракчасы

- 3,4 өлчөмдөгү 4 даана сүрөт.

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- билимин тастыктаган  дипломун көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустук же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүш керек):

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлүш керек):

        Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн баштап 10 (он) жумушчу күн ичинде Жаркынбаев айылы Абдрахманов көчөсү №27 дарегинде кабыл алынат, ал эми конкурс өтө турган күн талапкерлерге кошумча билдирилет. 

        Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (0-3943) 3-60-01, 3-60-35

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-11-15 00:00:00
Дата аягы: 2017-11-29 00:00:00