Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы
Бөлүм:
Кызмат орду: башкы адиси (бухгалтер)-1 кызмат орун
Талаптар:
  1. Квалификациялык талаптар:

-Жогорку  билим;

- Экономика жана финансы жаатында адистиги боюнча (финансы жана кредит, бухгалтердик учет, анализ жана аудит жүргүзүү)

-Компьютерде иштей билүү;

-Мамлекеттик жана расмий тилди билүүсү;

-Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Эмгек Кодексин жана Кыргыз “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексин, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун  билүү.

  1. Эмгек тажрыйбасы жана стажы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Функционалдык милдеттери:

         - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

         -Укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу, макулдашуу;

         -Маалыматтарды топтоо жана анализ жүргүзүү;

         - Бухгалтердик жана стат отчетторду түзүү;

         - Финансылык сметалардын расчетторун  түзүү;

         - Кызматкерлер менен биргеликте иш жүргүзүү;

- Жетекчиликтин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

 Талап кылынуучу документтер:

-  Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын конкурсттук комиссиясынын төрагасына арыз (телефондорун көрсөтүү менен);

  • Кадрлар боюнча баракчасы, 4 х 6 см сүрөтү менен;
  • Паспорттун көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин тастыктаган документтин түп нускасы конкурска документтерди тапшырган учурда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
  • Керектүү кесиптик билими, эмгек стажы жана квалификациясы жөнүндөдокументтерин (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  • Документтерди тигүү үчүн скоросшиватель;

 Документтер газетага жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүк мөөнөттө төмөнкү дарекке тапшыруу зарыл: Жалал-Абад шаары, Манас көчөсү, Курманбекстадиону телефондор:  (03722) 7-19-72, 7-33-66  факс7-19-72

Кошумча маалыматтарды www.mkk.gov.kg сайтынан алсаңыздар болот.

Талаптарга жооп берген талапкерлер тест тапшыруу борборуна чакырылат.

Тестирлөө убактысы кошумча маалымдалат.

 

 

 

 

 

 

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-11-21 09:00:00
Дата аягы: 2017-12-04 18:00:00