Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Тон айыл аймагынын айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Кирешелер боюнча жетектөөчү адис
Талаптар:

Тоң районунун Тоң айыл өкмөтү

Тон айылы                                                                                       Э.Узакбаев көчөсү №24

      Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык кирешелер боюнча жетектөөчү адис ваканттык административдик муниципалдык кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (салык жана салык салуу, финансы кредит, бухгалтердик эсеп, экономика багыттары боюнча) же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (салык жана салык салуу, финансы кредит, бухгалтердик эсеп, экономика багыттары боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

 3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамын билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Негизги функционалдык милдеттери:

  • Салык жыйымдарын өндүрүү боюнча тиешелүү иш – чараларды иштеп чыгуу;
  • Айыл аймагына тиешелүү статистикалык маалыматтарды даярдоо;
  • Жазгы айдап себүү иштерин уюштурууга көмөк көрсөтүү;
  • Аймактагы жке ишкерлердин базасын түзүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрайымынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды каттоо баракчасы;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

-  билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);   

- эгерде эмгек китепчеси болсо (көчүрмөсү нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);     

       Талапкерлерден документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Тоң айыл өкмөтүндө кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турган күн талапкерлерге кошумча билдирилет.

          Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: (0-3947) 95-5-36, 95-5-25 жана 0-701 23-26-70,

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-10-31 00:00:00
Дата аягы: 2017-11-16 00:00:00