Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кочкор-Ата шаарынын мэриясы
Бөлүм:
Кызмат орду: Жетектөөчү адис (экономист-статист)
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Экономикалык, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика багытындагы жогорку билим же орто кесиптик билим.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө» мыйзамдары.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

 

Функционалдыкмилдеттери:

-алдыдагы жылга жана орто мөөнөттүү (үч жылга) келечекке социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасын түзүү үчүн баштапкы маалыматтарды даярдоого;

-жергиликтүү коомдоштуктун аймагында жайгашкан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иш-аракетине комплекстүү экономикалык талдоо жүргүзүүгө, товарларды чыгарууну кеңейтүү капиталдык салымдарды жана жергиликтүү эмгек ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча кызматтарды жана жумуштарды көрсөтүү резервдерди аныктоого;

 -алынган маалыматтардын тууралыгын, аларды өткөн мезгилдеги маалыматтар менен айрым топтор жана бөлүмчөлөр боюнча салыштырмалуу текшерүүнү жүргүзүүгө;

-ай сайын, квартал сайын аппарат кызматкерлеринин иш-мерчемдин негизинде аткарылган жумуштарынын отчетун алуу.

 

СЫНАКА КАТЫШУУ ΥЧΥН ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:

  1. Өздүк арыз, комиссиянын төрайымынын атына;
  2. Өздүк баракча;
  3. 4х6 өлчөмдөгү сүрөт эки даана;
  4. Резюме;
  5. Өздүгүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспорт);
  6. Билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык тастыкталган же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  7. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (бар болсо, нотариалдык тастыкталган же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  8. Сунуштама кат;
  9. Ден-соолугу тууралуу ф 0,86 медициналык тактама;
  10. Талапкердин өз колу менен жазылган өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)

Документтерди кабыл алуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн кийин 10 (он) жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт.

Кочкор-Ата шаары, Токтогул көчөсү-17.  Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын имараты.

Байланыш телефондор:  (03734) 5-33-63,  0771 41-44-46, adylbekova.d@mail.ru электрондук дарек боюнча.

Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге конкурс өтүлүүчү күнү жана жайы боюнча билдирилет.

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00