Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ысык-Көл райондук башкармалыгы
Бөлүм:
Кызмат орду: Ага инспектор
Талаптар:

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ысык-Көл райондук башкармалыгы

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык башкармалыктын ага инспектор ваканттык административдик мамлекеттик кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

Кесиптик билим денгээли:

  • Ветеринардык жана агрардык багыт боюнча жогорку билим;

Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажысы талап кылынбайт;

Кесиптик компетенциясы:

- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын жана КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексин жана КР “Ветеринария жөнүндө” мыйзамын билүүсү зарыл.

Ага инспектордун негизги функционалдык милдеттери:

  • райондун ветеринардык врачтарынан бекитилген форма боюнча тийиштүү отчетторду алат жана инспекцияга отчет берет;
  • малдарды ташуу боюнча ветеринардык күбөлүктөрүн берет жана көзөмөл жүргүзөт;
  • биопрепараттардын эсебин жүргүзөт жана сакталышына көзөмөлдүк кылат.

Ачык конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды каттоо баракчасы;

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчурмөсү нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);  

      Талапкерлерден документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күн ичинде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ысык-Көл райондук башкармалыгы Чолпон-Ата шаары Акималиев көчөсү №10 до кабыл алынат.

       Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар (0-3943) 6-20-58.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-11-30 00:00:00
Дата аягы: 2017-12-15 00:00:00