Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм: өнөр жай жана экономиканы өнүктүрүү сектору
Кызмат орду: Башкы адис
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын « Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык, администрациянын төмөнкү ваканттык административдик мамлекеттик кызмат ордуна сынак жарыялайт:

 

  1. өнөр жай, экономиканы өнүктүрүү боюнча башкы адиси

                        

Кесиптик билимдин дещгээли:

Тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономикалык, техникалык)

Иш стажы жана тажрыйбасы:

1 жылдан кем эмес мамлекеттик  жана/ же  муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетентүүлүгү:

Төмөндөгүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы
  •  мыйзамдарды:
  • « Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Конституциялык мыйзамы, «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө», « Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө», « Мамлекеттик тил жөнүндө»,» Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», « Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө», « Саясий атайын мамлекеттик муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин,чыгымдарын,милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө»,

      “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын инвестиция жөнүндө”,“Бюджеттик кодексин,”” Республикалык бюджет”, “Кыргыз Республикасынын кендер жөнүндө”,“Көмүр жөнүндө мыйзамдары”, “ Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын регламентин”,” Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” Типтүү нускаманы билүүсү;     

  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.

Функционалдык милдеттери :

- ЖРМАнын буйрук, тескемелерине, нускоо, жоболорго, протоколдоруна жана башка укуктук мөнөздөгү документтердин долбоорлоруна укуктук баа берүү менен кол коет жана долбоорлор мыйзамга ылайык келбеген учурда  тийиштүү тартипте мыйзам чегинде чечүүнү сунуштайт.

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук   актылар   менен  иштөө   жана   аларды  практикада  колдонуу ;

-     ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-     башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-     компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

Талап кылынган документтер:

-Конкурстук комиссиясынын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

-кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү менен;

-сүрөт 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана;

-резюме;

-жогорку билим жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (Нотариустан же  иштеген жеринен кадрлар бөлүмүнөн күбөлөндүрүлгөн ) ;

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (Нотариустан же иштеген жеринен кадрлар бөлүмүнөн күбөлөндүрүлгөн );

-паспорттун көчүрмөсү (тестирлөө сынагына келгенде түп нускасын көрсөтүү шарт);

-жогорудагы документтер делого тиркелип,таза тапшырылуусу керек.

        Конкурска катышуучулардын документтери жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде Жумгал району,Чаек айылы, Э.Матыев көч,127 дареги боюнча Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы секторунда кабыл алынат. Тел: (0-3536) 23-5-40

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-11-30 00:00:00
Дата аягы: 2017-12-15 00:00:00