Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: КР ӨКМдин Өзгөчө кырдалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти
Бөлүм:
Кызмат орду: Мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси - (1 орун)
Талаптар:

КР ӨКМдин Өзгөчө кырдалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси   ваканттык мамлекеттик жарандык кызмат орунуна ачык конкурс жарыялайт:

  1. Мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси - (1 орун)

Жалпы квалификациялык талаптар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: “2012-жылдын 23-июлундагы № 517 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы, “2012-жылдын 20-февралындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө” токтомдорун билүүсү; 

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык: архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштуруу, геология, пайдалуу кен байлыктарды чалгындоо жана кайра иштетүү, техносфералык коопсуздук, гидрометеорология, экология, геофизика жана гидрогеология тармагындагы жогорку инженердик техникалык билим; табият таануу илимдери, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу,  физика-математика илимдери; информатика жана эсептөө техникасы;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү: “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн: 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”, 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө” токтомдорун;

- билгичтиги:

- изилдөө технологиялары жана ыкмалары боюнча билими;

- маалыматтарды жыйноо, талдоо, систематизациялоо жана жалпылоо  боюнча билими;

- жоопкерчиликтүү, демилге көтөрүү, командада иштөө жөндөмү болушу зарыл;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

Документтер жарыя чыккан күндөн 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү даректе кабыл алынат:

Дареги: Ош шары, Муминова көчөсү-11, 212  кабинет, тел:(03222) 2-16-25

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-12-01 16:41:42
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00