Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис, ж.б.
Талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

 

- техникалык, архитектура жана курулуш, гуманитардык, саламаттыкты сактоо, экономика жана башкаруу, радиотехника жана байланыш, өзгөчө кырдаалда коргонуу багытындагы жогорку билим.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

           - жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы      

             же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Авариялык куткаруу кызматы жана куткаруучулардын статусу жөнүндө» мыйзамдары.

 

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

 

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

 

Функциялык  милдеттер:

- Табигый  техногендик  жана башака  өзгөчө кырдаалдардын  алдын алуу  кесепеттерин  жоюу  боюнча иш чараларды  иштеп чыгууну , алардын аткарылышын камсыздоону  уюштурат.

- Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы  мекеме- ишканалардын менчигинин түрүүнө  карабастан  чарба  жүргүзүүчү  субьекттердин «Жарандык коргоо жана эвакуциялык» комиссияларынын уюштурулушун камсыздайт жана иштөөсүн көзөмөлдөйт.

- Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы  мекеме- ишканалардын  менчигинин түрүнө  карабастан чараба  жүргүзүүчү  субьекттердин  өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу кесепеттерин  жоюу  иштерине тийиштүү техникаларды  даярдоону  уюштурат жана көзөмөлдөйт.

- Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу , кесепеттерин жоюу  иштери  боюнча калка өз убагында  так маалыматы  жеткирилишин камсыздайт.

 

  1. Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жетектөөчү адис кызматына 1 (бир) орун

 

           1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому.

 

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

 

Функциялык  милдеттер:

- Айыл Өкмөтүнө жогорку жактан келип түшкөн  иш кагаздарын, арыз, токтом, буйрук, каттарды кириштөө жана өз убагында сапаттуу аткарылышын  көзөмөлдөө;

- Айыл Өкмөтүнүн  иш кагаздарын  көктөмөлөрдүн (номенклатура) негизинде сапаттуу  жүргүзүү жана папкаларды даярдоо;

- Жогору жактан келген токтом, буйрук, каттардын жана жарандардан келип түшкөн арыздардын аткарылышыныны абалы боюнча ай сайын маалымат даярдоо

 

  1. Жаштар боюнча адис:

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же кесиптик орто билим.

 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

 

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жаштар саясаты жөнүндө», «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» мыйзамдары.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

 

Функциялык  милдеттер:

- Жаштар саясатынын чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик  базаны өркүндөтүү максатында  айыл Өкмөттүн деъгээлинде  жаштардын « Коомдук кеъешин, жаштар үчүн, ордолорун» түзүүгө  кеп кеъештерди  берет жана  түзүүгө  көмөктөшөт.

- Жаштардын потенциалын  жогорулатуу максатында  жаштар форумун өткөрөт, «Лидер жаштар» базасын түзөт жана  жаштар саясатынын бардык көрөсткүчтөрү боюнча статистикалык маалыматтарды топтоп базага  киргизет, ошондой  эле аларга  мониторинг жүргүзөт.

- Жаштар коомдук кеъеши, жаштар үйлөрү, жаштар ордолору  менен биргеликте жаштар арасында  чылым чегүүгө, баъгиликке каршы  кылмыштуулуктун алдын алуу иш- чараларын өткөрөт.

- Жаштар саясатын маалыматтык жактан камсыздоо максатында  өткөрүлгөн 

иш- чаралар боюнча маалыматы ай сайын райондук эмгек, миграция  жана  жаштар бөлүмүнө ( атайын формада  берет).  

 

Сынакка  катышуу  үчүн  талап кылынуучу  иш кагаздар:  жеке арыз, кадрларды  эсепке алуу боюнча  өздүк баракча, 3 х4 өлчөмүндө 2 даана  сүрөт, паспорттун көчүрмөсү, билими  тууралуу документтин, эмгек  китепчесинин  көчүрмөлөрү

( нотариалдык  түрдө  же  иштеген  жериндеги  кызматкерлер менен  иш алып баруу  кызматы  тарабынан  күбөлөндүрүлгөн), өмүр  баян. 

 

Документтерди  кабыл алуу  жарыя  жалпыга  маалымдоо  каражаттарында  чыккан  күндөн баштап  10 жумушчу  күн  ичинде  төмөндөгү  дарек  боюнча  кабыл алынат Ноокен району, Момбеков айылы, К. Сейитканов көч. №54, Момбеков айыл Өкмөтүндө кабыл алынат. тел: (03734) 5-31-08, 0551-11-35-45.

  

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 0000-00-00 00:00:00
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00