Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Токтогул районунун Толук айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Жооптуу катчы, ж.б.
Талаптар:

Жооптуу катчы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

Жооптуу катчы:  жогорку билим, мамлекеттик же муниципалдык кызматтарында жыйынды эмгек стажысы 3 жылдан кем эмес, же болбосо тийиштүү кесиптик чойродо  стажысы 5 жылдан кем эмес, мамлекеттик тилди жана тийиштүү деңгээлде нормативдик-укуктук актыларды, мыйзамдарды билүүсү.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө» мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө» Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө» токтому.

- билгичтиги:

  • иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
  • алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
  • өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
  • чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

- көндүмдөрү:

  • аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
  • түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
  • маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
  • натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу.

Социалдык маселелер боюнча адис кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

Социалдык иштер боюнча адиске: Жогорку кесиптик, же кесиптик атайын орто билими, мамлекеттик тилди, компьютердик программаларды тийиштүү деңгээлде билүүсү талап кылынат, эмгек стажысы талап кылынбайт.

 Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Балдары бар аз камсыз болгон үйбүлөлөргө ай сайын төлөнүчү жөлөк пул чектөө үчүн үйбүлөлөрдүн кирешелерин аныктоо жөнүндө» токтому.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

 

Аскердик эсепке алуу боюнча адис кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

Аскердик эсепке алуу боюнча адиске (ВУС): Жогорку кесиптик, же кесиптик атайын орто билими, мамлекеттик тилди, компьютердик программаларды тийиштүү деңгээлде билүүсү талап кылынат, эмгек стажысы талап кылынбайт.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамы.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

                      Талап кылынуучу иш кагаздары:

Сынактык комиссиянын торагасынын атына арыз, Кадырларды эсепке алуу боюнча оздук баракчасы, Паспорттун кочурмосу, Билими тууралуу документтин (диплом ) кочурмосу жана эмгек китепчесинин кочурмосу (натариустан же иштеген жеринен тастыкталган), 4х6 олчомундогу 2 даана сурот, Омур баян, Мүнөздөмө.

Документтерди кабыл алуу кулактындыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде саат 8-30 дан 16-00 го чейин айыл окмотундо төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Дареги: Жалал-Абад областы, Токтогул району,  Толук айыл окмоту, Алмалуу а, Эстебес  кочосу №13, Тел. моб: 0778324997

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-12-08 08:30:00
Дата аягы: 2017-12-21 17:30:00