Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы
Бөлүм: Жаратылышты пайдалануу жана мамлекеттик экологиялык экспертиза бөлүмү
Кызмат орду: Адис
Талаптар:

1)  кесиптик билимдин деңгээли:

экология жана жаратылышты пайдалануу, токой жана аңчылык чарбасы, бухгалтер экономист, юриспруденция, биология багыттары боюнча жогорку билим;

2)  иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

- Кыргыз Республикасынын Токой, Жер, административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстерин, “Айлана чөйрөну коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Жаныбарлар дүйнөсү туралуу”, “Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдары.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

айлана чөйрөнү коргоо багытында иш алып баруу;

эксперттик объектте мамлекеттик экспертиза жүргүзүү;

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

 

Талап кылынуучу документтер:

- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

- паспорттун көчүрмөсүн;

- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

Документтерди кабыл алуу жарыя ММКда чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт:

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 9-00 дөн 18-00 гө чейин кабыл алынат.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, Б. Осмонов көчөсү 130, 

Тел.: (03722) 4-05-11, 4-08-30, (0779) 201 588

Сынак өткөрүү орду жана убактысы кошумча билдирилет.

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2017-12-18 08:30:00
Дата аягы: 2017-12-29 17:30:00